Биздин дарек:

Кыргызстан, Жалал-Абад областы, Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсү 57

Байланышуу үчүн телефондор:

5-03-33   2-11-72

Администратор менен байланышуу үчүн:

jagu@gmail.com



Саламатсызбы урматтуу замандаш!

Сиз Жалал-Абад мамлекеттик университетинин(ЖАМУ) сайтына кирдиңиз.

Биздин университет Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын бир нече шаарларында жайгашкан, кайталангыс түзүлүштөгү билим, илим жана маданият борбору болгон жогорку окуу жайы.

Биздин университеттин тарыхый башаты 1922-жылдан башталып, Кыргызстандагы ачылган алгачкы окуу жайларынын бири болуп саналат. Университет катары 1993-жылдын 10-майында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №197 токтомунун негизинде, мурдатан адис даярдоочу салтка жана тажрыйбага ээ болгон: Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынын, Зооветеринардык техникумунун жана Фрунзе политехникалык институтунун Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарларындагы филиалдарынын негизинде, көп тармактуу, классикалык түзүлүштөгү университет катары уюшалган.

Университеттин ишмердиги ааламдашкан замандын талаптарына жооп берген адистерди даярдоого багытталып, ата-бабаларыбыздын салттык жөрөлгөлөрүн студенттерде калыптандыруу жана руханий баалуулуктарды сактап, пайдалана билүүнү үйрөтүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Азыркы мезгилде Университетте 14 илимдин докторлору, 85 илимдин кандидаттары эмгектенишип, 60тан ашык адистер боюнча жогорку, 35 адистик боюнча атайын орто билим беришип, 1000ге жакын заманбап компьютерлер пайдаланылып 14 миңден ашык студенттер тарбия жана билим алышууда.

Университеттин профессордук-окутуучулары жана студенттери Интернет системасына кошулган 22 компьютердик класстардын, өзүнүн атайын сайты бар китепкана-маалымат борборунун, 12 заманбап окуу залдарынын, 15 спорт залдарынын жана аянттарынын, 1 стадиондун, көркөм академиянын кызматтарынан пайдаланып, туура тарбия, терең билим, пайдалуу өнөр, илимий даража жана наам ала алышат.

ЖАМУда да үлгү ала турган саамалыктар көп, биздин сайтка кирип, тыгыз байланышып туруңуздар!

Ректор Абдрашев Акунжан Баказович, саясий илимдердин кандиданты, профессор, КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер.



  • Жаңылыктар

    Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин университетибизге болгон сапары

    Кеңири »

  • Жаңылыктар

    13-апрелде 2012-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде «Билим берүүнүн көйгөйлөрү жана эл эңсеген жаңы муун» - аттуу республикалык илимий практикалык конференция болуп өттү.

    Кеңири »


Маалымат

Урматтуу жарандар жана абитуриенттер!

2012-2013-окуу жылында Кыргыз Республикасы боюнча гранттык (бюджеттик) жана контрактык орундарга, күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүнө кабыл алуу Жалпы Республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгынын сертификаты менен гана жүргүзүлөт. Университетибизге кабыл алынуучу документтер 2012-жылдын 1-июндан 26-августка чейин кабыл алынат.


Факультеттер